Бишкекте алдына бала отургузуп унаа айдаган айдоочу. Күбөнүн видеосу

Жазылуу
Күбө WhatsApp каналы аркылуу жиберген видеодо Toyota Windom үлгүсүндөгү унааны башкарып бараткан киши алдына баланы отургузуп алганын көрүнүп турат.

Күбөлөр саат 14.40дар чамасында алдына наристени отургузуп алып Чүй проспектиси менен батышты көздөй бараткан айдоочуну видеого тартып алган.

Жыгылып калган жол белгиси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ошто 80 жаштагы карыянын өлүмүнө себепкер айдоочу изделүүдө
Айдоочу B5370 AL номерлүү Toyota Windom үлгүсүндөгү унааны башкарып бараткан. Наристе үч жаш чамасында.

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочу мындай аракеттери үчүн Адвмнистративдик кодекстин 235-беренесинин 5-бөлүгү (жүргүнчү алып жүрүү эрежесин бузуу) боюнча айыпка жыгыларын билдиришти.

Аталган факты боюнча ЖКККББ тийиштүү чараларды көрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0