Парижди тамшанткан "Кыргыз бий". Эйфель мунарасындагы кыргыз жаштарынын видеосу

Жазылуу
Бий Париждин эл көп барган аймактарында тартылган

Франциядагы кыргыздардын диаспорасы Нооруз майрамын утурлай "Кыргыз бийди" Эйфел мунарасынын, Лувр музейинин алдында бийлешти.

Кыргызча сүйлөгөн италиялыктар кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттукташты
Диаспоранын президенти Канимет Жапаров мындай иш-чаранын максаты француз эли менен жана башка улуттар ортосундагы достукту, биримдикти, ынтымакты даңазалоо жана аларга Кыргызстанды таанытуу экенин Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Видеодо улуттук кийимчен кыз балдардын бийлегенин жардана карап, видеого, сүрөткө тартып жаткан жарандарды көрүүгө болот. Ошондой эле колдоп кол чаап жаткандары да бар. Аягында карап тургандардын бардыгы тең дене боюн жаза бийлеп жатканы видеодо даана көрүнөт.

Жапаров, андан сырткары, 25-мартта Нооруз майрамын белгилөө үчүн атайын иш-чара уюштурулганын айтты.

Эске салсак, Нооруз майрамы 2016-жылы декабрда ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине кирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0