Жолдо баратып телефондон сүйлөшкөн маршрутка айдоочулары. Видео

Жазылуу
Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы унаа айдап баратып уюлдук телефон колдонгондор айыпка жыгыларын белгиледи

Неправильная парковка автомобилей в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Чалкан: унаа токтотуунун "чеберлери", жүзүн жашырган айдоочулар
Sputnik Кыргызстан агенттиги Бишкектеги маршрутка айдоочулары рулду башкарып баратып телефон менен сүйлөшкөндөрү тартылган видеолордун топтомун сунуштайт. Аталган видео жазылмаларды күбөлөр WhatsApp-каналы аркылуу жиберишти.

Айдоочулар мындай жоруктары менен жол эрежесин бузуп, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугуна коркунуч жаратууда.

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы унаа айдап баратып уюлдук аппаратын колдонгондорго Административдик кодекстин 238-беренесине ылайык айып салынарын белгиледи.

Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз тарткан сүрөт, видеолорду биздин +996 706 566 544 WhatsApp же Telegram номери аркылуу билдирсеңиз болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0