Балык уулоого келген тургун өрттөнгөн унаасын өчүрөм деп чөктүрүп жиберди

Жазылуу
Окуя Базар-Коргондо болуп, анын чоо-жайын тийиштүү жергиликтүү органдар иликтеп жатат

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Кайырма суу сактагычында 18-мартта балык уулоого келген жергиликтүү тургундун унаасы өрттөнүп кетти. Бул тууралуу окуянын күбөлөрү Sputnik Кыргызстан агенттигинин аймактык кабарчысына билдирди.

"Өрттү өчүрүү үчүн жарандар унааны сууну көздөй айдап келип, кайта суудан алып чыгууга үлгүрбөй калышты. Унаа чөгүп кетти", — деди күбө.

Окуянын чоо-жайын учурда тийиштүү жергиликтүү органдар иликтеп жатат.

Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз тарткан сүрөт, видеолорду биздин +996 706 566 544 WhatsApp же Telegram номери аркылуу билдирсеңиз болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0