Көк бөрүдө тартылган улактын эти куурдакка айланганда. Видео

Жазылуу
Көк бөрүдө жоон билек чабандестер тарткан улак кантип жасалып, оюндан кийин аны эмне кылышарын билесизби? Sputnik Кыргызстан агенттиги дал ушунун тегерегинде атайын материал даярдады.

Оюн башталаарда тирүү текени эл алдына алып чыгып бата кылып мууздайт. Андан соң башын жана төрт шыйрагын кесип салып жаалданган көк бөрүчүлөрдүн алдына таштайт. Белгилей кетчү жагдай, текенин ичеги-карыны алынбайт. Оюн бүткөндөн кийин анын жарылган ичеги-карынын алып салып этинен "көк бөрү" куурдагын жасап жешет. Тартылган улактын эти дары болот деп айтылып келет.

Соревнования по кок-бору в честь праздника Нооруз в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Ноорузга карата өтчү көк бөрүдө кыл чайнашчу командалар такталды
Тартылган улактын салмагы 32-35 килограмм болушу шарт. Ар бир оюнга бирден теке союлат. Мисалы, бир күндө алты оюн өтсө, алты текенин башы кетет. Аны Улуттук спорт түрлөрү боюнча дирекция камсыздап берет. Баасы 5000-7000 миң сом.

Нооруз майрамы жана III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүп жаткан көк бөрү мелдешине жети дубандын жана Ош, Бишкек шаарларынын командалары күч сынашууда. Оюн бүткөндөн кийин кыргыздын салты менен алыстан келген командаларга конок катары улак берилет. Бирөө мелдештин калыстарына жана уюштуруучуларга калтырылат. Аны үйлөрүнө алып барып куурдак жасашат.

Жекшен Жаркынбаев көк бөрү боюнча эл аралык даражадагы калыс. Бүгүнкү оюндарга да калыстык кылды. Ал мелдештен чыгып биз менен кошо өздөрүнө бөлүнгөн текени үйүнө алып жөнөдү. Барарыбыз менен терисин сыйрып, жиликтеп бир жарым сааттын ичинде бышкан куурдак дасторконго коюлду.

"Тартылган улактын этинин дарылык касиети бар. Бир жарым саат тартылып, тебеленип жатып өзү эле бышып калат да. Ичеги-карыны жарылганы менен эттер анча көп булганбайт. Айылдагы аламан улакта ичин жарып ичеги-карынын алып таштап туз сээп, кайра тигип ойной беришет. Негизи эзелтен эле ичин жарбай ойноп келишкен. Текенин териси бышык жана чоюлма келет. Ал эми кой, козу жана эчкинин териси бат эле айрылып кетиши мүмкүн", — деди Жаркынбаев.

Текенин этин жиликтеп бүткөндөн кийин жубайы Жылдыз Койчуева жууп тазалап, куурдак жасоого киришти. Баса, Жылдыз апа кесиби боюнча ашпозчу экен. Кафеде иштеп жүргөндө жолдошу тамак жегени кирип, ошол жерден таанышып калганын айтып отурду.

"10 жылдан бери ушинтип улакчыларга, калыстарга куурдак жасап берем. Ири мелдештер өткөндө эртең менен саат алтыда туруп сегизге чейин бышырып даярдайм. Куурдакты жеп алып анан өз иштерине киришишет. Келээри-кечке талаада жүргөн адамдарга күч-кубат болот да", — деди Койчуева.

Эскерте кетсек, көк бөрү боюнча мелдеш 15-мартта башталып "Аккула" ат майданында өтүп жатат. Эртең, 19-мартта жарым финалда "Ынтымак" — "Биримдик Аю", "Достук" — "Арашан" командалары күч сынашат. Финалдык бөлүгү Нооруз күнү болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0