Россиянын президентин шайлоо Бишкекте кандай өтүп жатат. Видео

Жазылуу
Кыргызстанда жергиликтүү убакыт боюнча саат 8:00дө алты шайлоо участкасы ачылды. Ал жактан Россиянын жарандары РФ президентин шайлоого катыша алат.

Россиянын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Андрей Крутько элчиликте биринчилердин болуп добуш берди.

"Россия үчүн абдан маанилүү этап. Анткени өлкөнүн келечеги тандалат. 18-мартта жарандар өлкө кайсы багыт боюнча алдыга жыларын тандашат. Саат 20:00дө бардык шайлоо участкалары жабылып, добуштарды саноо башталат. Бардык процедуралар аяктагандан кийин Кыргызстанда болгон шайлоонун жыйынтыгы чыгарылып, Россиянын Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтүлөт", — деди Крутько.

Элчинин айтымында, Кыргызстанда Россиянын 20 миңдей жараны бар. Добуш берүүнүн жүрүшүнө Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү байкоо салууда. Ар бир шайлоо участкасында кеминде экиден байкоочу бар.

Кыргызстанда ачылган шайлоо участкаларында учурда эмне болуп жатканын тексттик трансляциядан окуңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0