Түнт эле, элден коркуп турчу. Коңшулары сабалган кыз боюнча айтып беришти. Видео

Жазылуу
Көгала болуп таяк жеген кыздын кошуналары анын үй оокатынан башы чыкпагандыгын, атургай кыштын колду какшаткан суугунда тапичкесин байпаксыз кийип алып, кир жуугандыгын айтып беришти.

Бул үй-бүлө былтыркы жылдан бери Чүй облусундагы Маевка айылындагы ижарага алынган кичинекей бөлмөдө күн кечирип келет.

Школьное образование в городе Ош - Sputnik Кыргызстан
Ош: 14 жаштагы окуучу кызды ала качып кеткен киши кармалды
Көгала болуп таяк жеген кыздын кошуналары 10 жашар агасы экөөнүн үй оокатынан башы чыкпагандыгын айтышты. Алардын өгөй энеси эшикке сейрек чыгып, кошуналар менен анда-мында гана сүйлөшкөнүн айтып беришти.

Атын айткысы келбеген кошуналардын бири кыздын денеси дайыма көгала болуп жүргөнүн, бирөө менен бейчеки сүйлөшкөндөн корккондугун баяндады.

"Эшикке чыгарчу эмес, баладай болуп ойночу да эмес, жуунтуп да койчу эмес. Балдарын бактырчу. Бети-башы көгала болгондуктан, тышка чыкканда башына капюшонун, бетине маска кийгизип койчу. Ал эми ким сабады десек, байкесин айтар элек. Бирок атасы менен энесинин урганын көзүбүз менен көргөн эмеспиз. Мамасы кызды дайыма балдардын тамагын, кашаларын жеп, эч нерсени үйдөн койбой жатат деп айтканын укканбыз", — деди кошунасы.

Акыркы ирет 10-мартта кыздын катуу таяк жегенин көргөн коңшулар милиция чакырган. Анда атасы кызын тил укпай койгону үчүн уруп койгонун айткан. Бирок кыз кийинчерээк аны атасы эмес, балдардан каткан нанды жеп койгону үчүн өгөй энеси сабап койгондугун айтып берген.

Колунда илгич кармап турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ата-эне баласын эмнеге көгала койдой сабайт? Кордолгон наристе көрсөң кыя өтпө
Денеси көгала болуп, мээси чайкалган кыз Бишкектеги балдардын №3 клиникасына 10-мартта түшкөн. Бул факты боюнча дарыгерлер милицияга кабарлаган.

Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери ооруканага барып кызга жолугуп, окуянын чоо-жайын сураштырганда, ачка болуп үйдөн нанды сурабай жегени үчүн өгөй энеси таяктаганын айткан.

Учурда аталган факты боюнча Аламүдүн РИИБи тарабынан Кылмыш жаза кодексинин 105-беренеси (денеге атайылап залал келтирүү) боюнча кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0