22 жыл бою сынынан кетпеген кытайлык алып баруучу соцтармакты дуу кылды

Жазылуу
Кытайлык аял CCTV каналында 1996-жылдан бери аба ырайынын божомолун айтып келет

Кытайлык теле алып баруучу Янг Дан жаштыгы менен көрүүчүлөрдү таңгалдырып, социалдык тармакты дуу кылды. Бул тууралуу The Daily Mail жазып чыкты.

Жительница Джакарты 50-летняя Пуспа Деви со своим сыном. Фото со страницы Instagram пользователя puspadewihc - Sputnik Кыргызстан
50 жашында селкидей көрүнгөн айым: уулдарымды "жигитиңби?" деп сурашат
Телекөрүүчүлөр алып баруучунун жаңыдан экранга чыккан 1996-жылдан бери эч өзгөрбөгөнүн байкашкан. Соцтармактын пайдалануучулары Янг Дандын 1996-жылдан баштап 2018-жылга чейинки берүүлөрүнөн үзүндүлөрдү даярдап, ал кытай телеканалдарынан 8-март майрамына карата көрсөтүлгөн.

Маалыматка ылайык, Янг CCTV каналына 22 жашында келип, ишин алып баруучулуктан баштаган. Азыр аял 44 жашта, ушу тапта да алып баруучу көрүүчүлөрдү аба ырайынын божомолу менен тааныштырып келет. Убакыт өткөнүнө карабастан Янгдын эч бир өзгөрбөгөнүн көрүүгө болот.

Видео соцтармакка желдей тарап, 20 миңден ашуун адам пикир калтырган. "Карыбас ханыша" атка конгон Янгдын жаштык сырын билүүгө ынтызарлар өтө көп.

Жаңылыктар түрмөгү
0