Петр Порошенконун кортежи карыяны коюп, артын карабай кетти. Видео

Жазылуу
Жолдон өтүүгө аракет кылган пенсионерди кортеждин алдында келе жаткан полициянын унаасы сүзүп кеткен

АКШ президенти Дональд Трамп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жубайы менен уулун жаанга калтырган Трампты соцтармак жемелөөдө
Украина президенти Петр Порошенконун кортежи Киевдин чок ортосунан 87 жаштагы карыяны коюп кеткенин "1+1" телеканалынын жаңылыктарынан кабарлашты.

7-март күнү болгон окуя видеокөзөмөлгө түшүп калган. Андан жолдон өтүүгө аракет кылган карыяны машина коюп кеткенин көрүүгө болот. Кырсыкка себепкер унаа токтогону менен кортеж артын карабай жолун улай берген. Ал эми пенсионер жолдо кыймылсыз жаткан боюнча калган.

Акыркы маалыматтар боюнча карыя реанимацияга жаткырылган. Бутуна операция жасоо күтүлүп жатканы айтылды. Ал эми Украинанын "Вести" интернет басылмасы жабырлануучуну полиция унаасы сүзгөнүн, бирок күнөөнү пенсионер өзү моюндаганын кабарлады.

Жаңылыктар түрмөгү
0