Кыргызстандык өспүрүм кыз "Голос. Дети" сынагында көрүүчүлөрдү таң калтырды. Видео

Жазылуу
Чыгарманы өзгөчө чеберчилик менен аткарган ырчы кыз калыстарды, көрүүчүлөрдү кайдыгер калтырган эмес

Кыргызстандык Вероника Инкико "Голос. Дети" деп аталган музыкалык сынакта көрүүчүлөрдү таң калтырды.

Россиянын "Первый канал" телеканалында 7-мартта "Голос. Дети" сынагынын бешинчи чыгарылышы болуп өттү. Ал этапта таланттуу өспүрүмдөрдүн алдын ала тандоо турунун кийинки бөлүктөрүнө катыша тургандыгы аныкталып, калыстар алардын айрымдарын тандашкан.

13 жаштагы кыргызстандык кыз британиялык ырчы Дуа Липанын Blow Your Mind (Mwah) чыгармасын аткарып чыккан. Анын өзгөчө чеберчилик менен аткарган ыры калыстар менен көрүүчүлөрдү кайдыгер калтырган жок.

"Сен дасыккан ырчыдай мыкты ырдайт экенсиң. Сенин бул сынакка келишиң мени таң калтырып жатат. Анткени биздин алдыбызда сен кичинекей кыздай эмес, чоң адамдай болуп турасың", — деп билдирген Пелагея.

Солистка группы Город 312 Светлана Назаренко - Sputnik Кыргызстан
Ырчы Светлана Назаренко кайрадан кыргызча обон созду
Ырчы кызга калыстар өзүнүн насаатчысын тандоого уруксат беришип, ал Пелагеяны тандаган.

"Сен көрүп жана байкап турсаң керек, калыстардын үчөө тең атандаштарыңа мындай көңүл бурган эмес. Менимче сен жогорку деңгээлде элдин оозун ачырдың. Биз бул жакта суктанып гана турдук", — деди алып баруучу Дмитрий Нагиев.

Буга чейин Вероника Инкико мындай эл аралык сынактарга көп жолу катышкан. Ал 2016-жылы Кыргызстандын атынын "Новая волна" конкурсунда ат салышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0