Бишкектин 1,5 жыл мурун оңдолгон жолу азыр согуш талаасын эске салат. Видео

Жазылуу
Чүй проспекти менен Киев көчөлөрүнүн Шопоков көчөсү менен кесилишкен жери бир жарым жыл мурун оңдолгонуна карабай, азыркы кейпи согуш талаасын эске салат.

Жол оңдоо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин 23 көчөсүндөгү унаа жолду кытайлык компания оңдомой болду
Шопоков көчөсү менен жүрүүдөн кыйналган айдоочулар "аңгектен качсаң, дөңгөккө" деп арызданышууда. Жаан жааганда аңдарга суу толуп, байкабай түшүп кетсең түз эле унаа оңдоочу жайга "жолдомо" аласың. 

Бул жол 2016-жылы жай айында оңдолгон, бирок арадан эки ай өтпөй асфальт жарылып, аңдар пайда боло баштаган. Мындан улам ноябрь айында муниципалитет кайрадан оңдоодон өткөргөн. Андан бери бир жарым жыл өттү. Жолдун азыркы көрүнүшү согуш талаасын эске салат. 

Белгилей кетсек, жыл башында "Автожолдор тууралуу" мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип мындан ары жаңы курулган жолго 5 жыл кепилдик берилмей болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0