Абактагы эң сулуу айым тандалды. Кыз-келиндер колониясындагы сынак

Жазылуу
№2 түзөтүү колониясында жаза өтөп жаткан аялдар бири-бирин 8-март майрамы менен куттуптап, ыр-бий тартуулашты

Абактагы кыз-келиндер аялдардын эл аралык күнүнө карата сулуулук сынагын өткөрүштү. Анда төрт катышуучу сахнага чыгып, өздөрү тиккен кийим-кечектерди көрсөтүштү.

"Менин көйнөгүмдү тигүүгө 1,5 ай кетти. Түнкү саат 2ге чейин уктабай ар бир розаны үч күндөн тигип жаттык", — деп Аида аттуу аял.

Абактагы аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
№2 аялдар абагында заман талабына ылайык медициналык-санитардык бөлүк ачылат
30 жаштагы Феруза жеңишке бир гана кадам жетпей калды. Бирок ага анчалык деле капаланган жок. Анткени 2011 жана 2012-жылдары катары менен сулуулук сынактарын жеңип алган.

"Бир жолу кыздар менен желим стакандан чай ичип отуруп, ушундан көйнөк тиксек болчудай экен деп идея жаралган", — деди ал.

Ушул эле салтанаттын алкагында кыз-келиндер өз өнөрлөрүн тартуулап, ар кандай номерлерди аткарышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0