Балбан Евлоев Кыргызстандын капчыгына алтын алып келгенде... Беттештин видеосу

Жазылуу
Кыргызстандык балбан Муслим Евлоев күрөш боюнча Азия чемпионатын жеңип, чемпион аталды.

Вручение бронзовой медали ОИ 2008 года борцу Базару Базаргуруеву - Sputnik Кыргызстан
Олимпиада — 2008: КР балбаны Базаргуруев 10 жылдан кийин коло медалга ээ болду
Ал финалдык беттеште монгол балбаны Мандахранан Ганзориг менен кармашып, 11:1 эсебинде жеңишти камсыздады.

Евлоев квалификациялык кармашта тажикстандык балбан Сорбон Абдулхаевди 11:0 эсебинде, чейрек финалда түркмөнстандык балбан Давлетмурат Оразгулужовду 12:2 эсебинде утуп, жарым финалда ирандык Мостафа Мохабалли Хоссейнханини 8:4 эсебинде жеңген болчу.

Бишкекте 27-февралда башталган Азия чемпионаты бүгүн жыйынтыкталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0