Грек-рим күрөшү боюнча КР командасы кантип биринчи болду? Видео

Жазылуу
Ушул тапта Бишкекте күрөш түрлөрү боюнча Азия чемпионаты өтүүдө. Грек-рим күрөшү боюнча мелдештер 27-28 мартта өтүп, медалдын 10 комплектиси ойнотулган.

Белгилүү балбан Айсулуу Тыныбекова чемпионатка катыша албаса да, кыздарга дем-күч берип машыктыруучулукту аркалады - Sputnik Кыргызстан
Кыздарга дем берген Айсулуу Тыныбекова. Азия чемпионатындагы ирмемдер
Кыргыз балбандары 8 медалга — бир алтын, үч күмүш жана төрт колого ээ болуп, командалык эсепте 157 упай алып келген. Казакстан 156 упай менен экинчи, 148 упай менен Өзбекстан үчүнчү орунду ээледи.

Грек-рим күрөшү боюнча байге алган балбандардын тизмеси:

Акжол Махмудов (72 кг) — алтын;

Жоламан Шаршенбеков (55 кг), Урмат Аматов (63 кг), Атабек Азисбеков (82 кг) — күмүш;

Азат Бейшебеков (87 кг), Мурат Рамонов (130 кг), Каныбек Жолчубеков (60 кг), Үзүр Жусупбеков (97 кг) — коло;

Алтын байге ээси Акжол Махмудов Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине маек берип, спорттогу жолу, үй-бүлөсү жана алдыдагы пландары тууралуу айтып берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0