Оштун көркүн бузган объектилер түрттүрүлдү. Ызы-чуулуу рейддин видеосу

Жазылуу
Атайын жүргүзүлгөн рейддин алкагында 20дан ашуун мыйзамсыз курулган жеңил конструкциялар алынган

Ош шаарында мыйзамсыз курулган коммерциялык объектилерге бөгөт коюу максатында атайын рейд жүргүзүлдү. Бул туурасында калаа мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 19-февралда жумушчу комиссия түзүлүп мыйзамсыз курулган павильон, күркө, дүкөн, соода жайлары жана шаардын көркүн бузуп жаткан коммерциялык жайлар, өрт коопсуздугу боюнча эрежелерди сактабаган, ошондой эле туура эмес аймактарга курулуп кеткен объектилерди текшерүүгө алган.

"Жумушчу комиссия 1-мартка чейин Исанов, Төрөкулов көчөлөрүнө жана Түштүк-Чыгыш кичи райондоруна рейд жүргүзгөн. Анын алкагында тыюу салынган жайлар, анын ичинде жол четине, тротуарларга курулган объектилер текшерилди. Натыйжада 20дан ашуун мыйзамсыз курулган жеңил конструкциялар түрттүрүлгөн", — деп айтылат маалыматта.

Жумушчу комиссиянын курамына мэриянын аппараты, Мамэкотехинспекция, Салык кызматы, Аймактык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы, Шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмү, өрт коопсуздугу, коммунальных жана санитардык кызматтарынын адистери кирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0