Эптеп жеттик! Азат Бейшебеков менен Мурат Рамоновдун коло байге үчүн тирешүүсү

Жазылуу
Кечээ, 27 февралда, Бишкекте күрөш түрлөрү боюнча чоңдор арасындагы Азия чемпионаты башталган. Мелдеш 4-мартка чейин созулат.

Чемпионаттын алгачкы күнүндө грек-рим күрөшү боюнча медалдын беш комплектиси ойнотулган.

Финалдык кармашта кыргыз балбандарынын ичинен Жоламан Шаршенбеков (55 килограммга чейин) менен Урмат Аматов (63 килограммга чейин) күмүш байгеге ээ болду.

Чечүүчү беттештин соңунда коло байгеге мүмкүнчүлүк алган спортчулар ортосунда кармашуулар өттү. Катарда Азат Бейшебеков (87 килограммга чейин) менен Мурат Рамонов (130 килограммга чейин) бар эле.

Умсунткан алтын. Шаршенбеков менен Аматовдун финалдык кармашы - Sputnik Кыргызстан
Умсунткан алтын. Шаршенбеков менен Аматовдун финалдык кармашы
Азат Бейшебеков жарым финалда япониялык спортчу Масото Сумиге утулуп калган, бирок ошол эле атаандашы финалга чыкса, коло байге үчүн үмүт бар эле. Айтылгандай эле япониялык Масото финалга чыгып, Бейшебеков казакстандык Хуссейн Мутсолговду утуп алган.

Ушундай эле көрүнүш Мурат Рамоновдун учурунда да кайталанды. Ал жарым финалда өзбекстандык балбан Муминжон Абдуллаевге утулуп калган. Коло үчүн кармашта казакстандык Антон Савенкону жеңип алды.

Азия чемпионатынын биринчи кармаштары кандай өткөнүн тексттик трансляциядан таанышсаңыз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0