Трамп менен Ким Чен Ындын "эгиздери" Олимпиадага барды. Видео

Жазылуу
Олимпиада өтүп жаткан Пхенчхан шаарына Дональд Трамп менен Ким Чен Ынга окшош адамдар барып сейилдешкен. Спорттук иш-чарага келгендер АКШ президентине окшошуп алган адамды көрүп аябай таң калышкан.

Афганский двойник Брюса Ли - Sputnik Кыргызстан
Брюс Лиге куюп койгондой окшош афгандык жигит кунг-фу өнөрүн көрсөттү
Трамптын баскан-турганын туураган киши USA деген жазуусу бар кызыл баш кийимди кийип, кызыл галстук тагынап алган. Өлкө башчынын образын жараткан адам эл аралап сүрөткө түшүп, тамаша салганын Sputnik Өзбекстан жазып чыкты.

Ал эми Ким Чен Ынды туураган киши Түндүк Кореянын башчысына салыштырмалуу жаш жана келишимдүү дене түзүлүштө.

Кыргыздын Жеки Чаны жана Рассел Кроу — белгилүү жылдыздардын "түгөйлөрүнүн" сүрөттөрүн Sputnik Кыргызстандын материалынан көрүңүздөр.

Жаңылыктар түрмөгү
0