05:13 23 Тогуздун айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7875
  • EUR98.7011
  • RUB1.1965
Видео

Жаратылыш коругунда жер талашып сүзүшкөн кериктер. Салгылашуунун видеосу

Кыскача шилтеме алуу
50410

Окуя африкадагы эң эски Хлухлуве-Умфолози коругунда болгон

Түштүк Африкада жер талашкан эки кериктин салгылашуусу видеого тартылып алынган. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Daily Mail басылмасына шилтеме кылып жазып чыкты.

Окуя африкадагы эң эски Хлухлуве-Умфолози коругунда болуп, анын видеосу YouTube сайтына жарыяланган. Анда эки керик байырлаган аймагы үчүн салгылашып жатканын көрүүгө болот.

Сүзүшкөн жаныбарларды видеого тарткан гид Тим Браун кериктер кээде гана сүзүшөөрүн, бирок уруш ырайымсыз боло турганын белгилейт. Анын айтымында, эгер мындай кыл-чайнашкан беттештерде жаныбарлардын көлөмү бирдей болсо, алардын биринин өлүмү менен аяктайт.

Тема боюнча

Бегемот арстандын башын аз жерден жулуп ала жаздады. Кенияда тартылган видео
Буйволдор пилдин баласын арстандардын азуусунан сууруп алышты, бирок... Видео
Белгилер:
жаныбарлар, видео, керик

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ