Бишкектин чок ортосунда үч маршрутка кагышты. Видео

Жазылуу
Маршруткалар аралыкты сактабаганы үчүн бири-бири менен кагышкан. Жети адам ооруканага жөнөтүлдү. Адистер айдоочу мас абалында болгон же болбогонун текшерүүдө.

Маршуттук унаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Маршрутка иштеткен жеке компаниялардын мойнунда канча адамдын өлүмү бар
Бишкектин чок ортосунда үч маршрутка кагышып, анын кесепетинен жети адам жабыркады. Алардын үчөө балдар. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Окуя 22-февраль күнү күндүз Абдрахманов, Лев Толстой жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн ортосунда болгон. №100, 145 жана 133 маршруткалар кагышкан.

"Бардык унаалар түндүктү көздөй бара жаткан. Алар аралыкты сактабагандыгы үчүн бири-бири менен кагышкан. Жаркат алган төрт киши менен үч бала ооруканага жеткирилди", — деп милициядан билдиришти.

Үч микроавтобус айып короого токтотулуп, айдоочулар мас абалында болгон же болбогонун экспертиза текшерүүдө.

Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз тарткан сүрөт, видеолорду биздин +996 706 566 544 WhatsApp же Telegram номери аркылуу билдирсеңиз болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0