Баллон менен жылгаяк тебүү эмнеге алып келет. Видео

Жазылуу
Баллон менен тоодон муз тээп келе жаткан аял бирөө менен кагышып кеткен

Бишкектин түштүк тарабындагы Чоң-Таш айылынын аймагында тоодон баллон менен түшүп келе жаткан аял жабыркаганын күбө WhatsApp-каналы аркылуу Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди. Анын айтымына караганда, окуя 18-февралда саат 15.00дөр чамасында болгон.

"Аял тоодон баллон менен муз тээп келе жатып башка аял менен кагышып кетти. Анын кесепетинен мурду сынды", — деп күбө билдирди.

Жабыркаган аялдын туугандары аны ооруканага жеткиришкен.

Баллон менен муз тээп түрдүү жаракаттарды алууга мүмкүн экенин Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков бир ай мурда Sputnik агенттигине айтып берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0