Рэпер Drake миллион долларды элге таратты. Видео

Жазылуу
Музыканттын продюсерлери клип тартуу үчүн акча бөлгөн, бирок ал аны башка максатка жумшаган

Канадалык рэпер Drake катардагы жарандарга дээрлик миллион доллар таратканын Variety басылмасы жазды.

Медайым. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Дени сак эл" уюму түштүк аймагында жашаган элди акысыз дарылап жатат
Маалыматка ылайык, ырчынын продюсерлери God's Plan аттуу ырына клип тартуу үчүн акча бөлгөн, бирок рэпер аны кишилерге таратып берген. Акча таратып жаткан видеосун ал YouTube каналына жарыялаган.

Ырчы бир студенттин окуусу үчүн 50 миң доллар берген. Жаштар борбору менен өрт өчүрүү кызматына 70 миң доллар белек кылган. 10 миң долларды музыкалык мектепке берсе, айрым үй-бүлөлөргө автоунаа сатып берген. Рэпер супермаркетте соода кылгандардын акчасын төлөп, көчөдө жардамга муктаждарга кол сунган.

Жалпысынан Drake 997 миң долларды тараткан. Рэпер бул аракетин өмүрүндөгү эң маанилүү окуя болгонун билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0