Уурулардын биринчиси экинчисин капыстан жыга чаап алды. Жылмаюу чакырган видео

Жазылуу
Алардын бири шериги маңдайына келип калганын байкабай калып, күү менен ыргыткан ташы беркинин башына тийип, ал жыгылып түшкөн.

Кытай: жүргүнчү кыз буюмдарын кайтарып, чемоданга кошо түшүп алган видео тарады - Sputnik Кыргызстан
Кытай: жүргүнчү кыз буюмдарын кайтарып, чемоданга кошо түшүп алган видео тарады
Шанхай шаарынын полициясы Weibo социалдык тармагына оңунан чыкпай калган уурулук тууралуу видео жарыялады. Аны YouTube каналынан көрүүгө болот.

Түн жамынып келген эки киши дүкөндүн витринасын талкалап, ичкериге кирүүгө аракет кылган. Кыш ыргытып, айнекти кезектешип талкалоого аракет кылышканы байкалып турат. Алардын бири шериги маңдайына келип калганын байкабай калып, күү менен ыргыткан ташы беркинин башына тийип, ал жыгылып түшкөн.

Видеодон далбастаган ууру эсин жоготкон экинчисин окуя болгон жерден сүйрөп кетүүгө аракет кылып жатканын көрүүгө болот.

"Эгерде уурулардын баары ушинтип жаза тайып жаңылып турса, биз күндөп-түндөп иштебейт элек", — деп айтышкан Шанхай полициясынын өкүлдөрү.

Ал эми алар кармалдыбы-жокпу, маалымат калтырылган эмес.

Американын Вашингтон штатынын Бозелл шаарында башка бирөөнүн посылкасын уурдайм деген аял тайгаланып жыгылган видео да күлкүгө салат.

Жаңылыктар түрмөгү
0