Кытай: жүргүнчү кыз буюмдарын кайтарып, чемоданга кошо түшүп алган видео тарады

Жазылуу
Коопсуздук кызматынын өкүлдөрү жүргүнчүгө радиациялык нурлар кооптуу экендигин эскертип, сумкадан чыгууну суранган.

Кытайдын Дунгуань аймагындагы темир жол станциялардын биринде адаттагыдан тыш көрүнүш болду. Ал жердегилер рентген менен жүктөрдү текшерип жатып, чемодандын ичиндеги аялды байкашкан. Бул видео Youtube каналына жайгаштырылган.

В Китае сотрудниц косметической компании заставили бить друг друга — видео - Sputnik Кыргызстан
Кытайда косметикалык компанияда иштеген кыздардын чабышканы видеого түшүп калган
South China Morning Post гезити коопсуздук кызматынын өкүлдөрү жүргүнчүгө радиациялык нурлар кооптуу экендигин эскертип, сумкадан чыгууну суранган.

Видеожазуудан аял буюмдарына аралашып, төрт аяктап турганын көрүүгө болот. Ал эми текшерип жаткан кыздардын таңгала карап, ал эми рентгендин жанында турган кызматкердин күлкүсүн тыя албай жатканы да жазылып калган.

Аталган станциянын кызматкеринин айтымында, Кытайда мындай жылмаюу жараткан учурлар көп кездешет.

Жаңылыктар түрмөгү
0