12:52 22 Тогуздун айы 2018
Түз эфир
  • USD69.3251
  • EUR79.3703
  • RUB1.0533
Видео

Атайын кызмат Саакашвилини чачтан сүйрөп чыкты. Кармоо учуру тартылган видео

Кыскача шилтеме алуу
268111
Facebook / Mikheil Saakashvili

Грузиянын мурдагы президенти жана Одесса облусунун экс-губернатору Михаил Саакашвили кармалган учурунун видеосун Facebook баракчасына жарыяланды

Ал дүйшөмбү күнү кармалып, чек арачылар тарабынан Польшага чыгарылган. Ал былтыр күзүндө чек арадагы тосмодон күч менен өтүп, Украинанын аймагына мыйзамсыз кирген

Видеодо көрүнгөндөй атайын кызматтын өкүлдөрү ресторандардын бирине кирип келип, ал жактагыларды жерге жатууну буйруган.

Андан кийин Саакашвилинин колун кайрып, чачынан кармап сыртка алып чыгып жаткан учур дагы тартылып калган.

Видеонун алдында Саакашвилини кармагандар аны "учакка чейин башка-көзгө чаап, көзүн жана оозун жаап, атып салабыз деп коркуткан" деп жазылган.

Саакашвили Варшавага келди. Анын жактоочулары Украина администрациясынын алдында митингге чыгышып, полиция менен кагылышып бир киши кармалган.

Саясатчы Украинага кайта турганын, эми мыйзамдуу түрдө келерин айтты.

Башкы прокурор Юрий Луценко Украинада Саакашвили тарабынан уюштурулуп жаткан акциялар мурдагы президент Виктор Януковичтин жанында жүргөндөр тарабынан төлөнгөнүн айткан. Алардын максаты Украинанын бийлигин алып түшүү болгонун кошумчалаган.

Тема боюнча

Украинага мыйзамсыз кирип барган Саакашвилиге иш козголду
Украинанын жарандыгынан ажыраган Саакашвили чырылдай баштады
Саакашвилинин 8-кабаттан секирем деп коркуткан видеосу жарыяланды
Белгилер:
кармоо, видео, Михаил Саакашвили, Украина
Колдонуу эрежелериПикирлер

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ