Жер солк эткенде! Россия Казакстанда ракетага каршы системасын сынады. Видео

Жазылуу
Тыптынч турган аппак карлуу талаада бир учурда жер солк этип, кар тозоңу асманды көздөй сапырылганын көрүүгө болот.

Россиянын Коргоо министрлигинин аскерий күчтөрү Казакстандын "Сары-Шаган" полигонунда ракетага каршы сыноолорду өткөрдү. Бул туурасында РИА Новости жазды. 

Ал эми видеону Коргоо министрлиги 11-февралда Уoutube каналына жайгаштырган.

Пхеньян шаары. Түндүк Корея. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түндүк Корея бардык корей элине кайрылып, быйылкы жыл боюнча планын айтты
52 секундалык видеодо ракетанын учурулганы тартылган. Тыптынч турган аппак карлуу талаада бир учурда жер солк этип, кар тозоңу асманды көздөй сапырылганын көрүүгө болот.

Буга чейин Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн расмий басылмасы болгон "Красная звезда" гезити Казакстандын "Сары-Шаган" полигонунда ракетага каршы системасында өткөн сыноолор тууралуу жазган эле.

Ракета темасы боюнча кандай кабар болбосун учурда коомчулуктун көз жаздымында калбай турган кез. Андай окуя жакында эле АКШда катталган. Гавайини ракета "жок кыла" жаздады. Элди чуру-чуу түшүргөн билдирүүнүн чоо-жайы тууралуу бул жерден окуңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0