Боксчу Малабеков атаандашын боорго согуп боортоктотту. Беттештин видеосу

Жазылуу
Кыргызстандык мушкер Өмүрбек Малабеков бокс боюнча эл аралык "Кайра жаралуу" ("Возрождение" — ред.) аталышындагы турнирде атаандашын утуп алды. Бул маалыматты Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине спортчу өзү тастыктады.

Профессионалдар арасындагы мелдеш кечээ, 10-февралда, Санкт-Петербург шаарында өттү. Анда Малабеков россиялык мушкер Александр Салтыковду кармаштын экинчи раундунда боорго таамай муштап, жеңишке жетти.

Боец смешанных единоборств Валентина Шевченко - Sputnik Кыргызстан
Шевченко Кечоейраны уткандан кийин UFC рейтингинде биринчи сапка чыкты
Ушуну менен Малабеков профессионалдар арасында төртүнчү ирет жеңишин камсыздап жатат. КРдин бир нече чемпиону Малабеков 2013-жылы өткөн Азия чемпионатында коло медаль тагынган.

Кыргызстан атын алыска тааныткан уулдарынан уучу кур эмес. Алардын бири убагында муштуму менен далайга аты кеткен кикбоксчу Кумар Жалиев. Кечээ спортчунун туулган күнүнө карата Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги кызыктуу фактыларды даярдаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0