Кыргызстандагы жападан жалгыз зоопарк. Эки мүнөтүңүздү аябай көрүп коюңуз

Жазылуу
Караколдогу зоопаркка баргандар бийик тоолуу жайга барып жаныбарлардын 36 түрүн көргөнүн айтып мактана алат.

Караколго сапар алгандар Кыргызстандагы жападан жалгыз зоопаркты көрүп кетүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Жапайы жаныбарлар байырлаган бул жер дүйнөдөгү эң бийик тоолуу аймакта жайгашкан зоопарктардын бири болуп саналат (деңиз деңгээлинен 1780 метр).

Горный козел. Архив - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор
КРдеги жапайы жаныбарлардын контрабандасы. Ким көзөмөлдөйт?
Зоопаркты 1978-жылы активисттер ашар жолу менен салган. Ошондон тарта зоопарк өнүгө баштаган, бирок Советтер Союзунун урашы менен иш басаңдай түшкөн. Кийин 2002-жылы гана объект калыбына келтириле баштаган.

"Бугу-Эне" фондусунун директору Салтанат Сеитованын берген маалыматына караганда, бүгүнкү күндө зоопаркта жаныбарлардын 36 түрү бар. Жалпы саны 160ты түзөт. Зоопаркка Кыргызстандын чар тарабынан жаныбарлар түрдүү себептер менен келип түшөт. Бири браконьерлерден алынса, башкалары жарадар болуп жаткан жеринен табылган. Ал эми айрымдары Евразия аймактык зоопарк жана аквариумдар ассоциациясына мүчөлүктүн алкагында коңшу өлкөлөрдүн жаныбарлар кармалган жайынан алып келинген.

"Зоопарктар жоголуп бара жаткан жаныбарларды сактап калууга жардам берет. Мисалы бизде Пржевальскийдин аты бар. Мындан тышкары, мүмкүнчүлүккө жараша кээ бир жандыктарды эркиндикке кое беребиз. Бирок көбүнчө жапайы шарттарга сүт эмүүчүлөргө караганда канаттуулар көнүп кетет. Келечекте зоопаркты заманбап кылууну пландап, калктуу аймактардан алыс жайгашкан жерге дагы бир зоопарк ачууну көздөп жатабыз", — деди Сеитова.

Ал ошондой эле дүйнө мамлекеттеринин борборлорунда зоопарк болорун айтып, Бишкекке дагы ачуу керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0