Дубайда жүк ташуучу унаа коюу тумандан улам 44 машинаны коюп кетти. Видео

Жазылуу
Бириккен Араб Эмираттарынын борбору Абу-Дабиден Дубайды көздөй кеткен трассада 44 автоунаа кырсыктаган окуянын видеосу тарады.

GulfNews басылмасынын жазганына караганда, ири жол кырсыкка коюу туман себеп болгон. Жүк ташуучу унаанын айдоочусу убагында тормозду басууга жетишпей калганы үчүн алдыда токтоп турган машиналарды коюп кеткен.

​Басылмада кырсыктан улам 22 адам каза болгону жазылган.

Бириккен Араб Эмираттарынын полициясы айдоочуларды туман учурунда алыскы жолго чыкпоого чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0