Министрликтер короосун тазалоо мыйзамын кандай аткарууда? Видео

Жазылуу
Бишкек шаардык кеңешинин 2009-жылдагы токтомунун негизинде кабыл алынган "Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелерине" ылайык ар бир мекеме короосун тазалап турууга милдеттендирилген. Жайкысын шыпырып, кышкысын музун чагып, карын күрөп турушу керек. Мекеме мамлекеттик же жеке менчик экенине карабай ушул эрежелерди сактоого тийиш.

Борбор калаа мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы жыл башынан бери (4-январдан 29уна чейин) өзүнө тиешелүү аймактарда жаткан карды тазалабаган ишкана жана чарбалык объектилерге карата рейд жүргүзүп, эрежени сактабагандардын 369уна эскертүү берип, 85ине протокол түзүлгөн. Булардын ичинде банк, дүкөн, дарыкана, кафе, ресторан, соода түйүндөрү, базар, күйүүчү май куюучу жана башка жайлар бар.

Ноутбукта иштеп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ойготуп койгулачы! Кайсы министрликтин сайты кандай иштейт
Sputnik Кыргызстан агенттиги аткаруу бийлиги мыйзамды канчалык деңгээлде аткарып жатканын билүү максатында өлкөнүн 12 министрлигинин короосун көрүп келди.

Мэриянын Санитардык-экологиялык инспекциясынын жетекчисинин орун басары Арсен Аилчиев өз аймагын таза кармабаган жеке жактарга 1000, юридикалык тараптарга 5000 сом айып салына турганын билдирди.

"Чакан мекемелер негизги жолго чейин же аймагы кенен болсо 10 метрге чейинки аралыкты тазалап турушу керек. Ал эми базарлар 50 метрге чейин. Бул кышында эле эмес, башка мезгилдерде да жасала турган иш", — деди Аилчиев.

Ал эми "Тазалык" ишканасы унаа жолдорду жана жалпы колдонуудагы тротуарларды тазалоого тийиш экени айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0