"Ош" базардын өрттөнгөн имаратынын ичинде мушташ чыкты. Күбөнүн видеосу

Жазылуу
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча "Ош" базарда 30-январь күнү эртең менен чыккан ири өрттөн 118 соода күркөсү күйгөн. Анын жалпы аянты 3500 чарчы метрди түзөт.

Кырсыктын эртеси, 31-январда өрттөнгөн имараттын ичинде кондиционерден түстүү металл чыгарып жаткан улан менен базардын сатуучулары ортосунда чыр-чатак чыккан.

"Сатуучулар андан имараттын ичинен чыгып кетүүсүн суранган. Бирок ал эч кимди тоготпой, кайра жаман сөздөрдү айтып, түстүү металл чыгарууну уланткан. Мындан улам балдар ага карай бастырып барып мушташ чыгып кетти", — деди күбө.

Окуя болгон жерге милиция кызматкери келип мушташты токтоткон. Бирок Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы мындай маалымат аларга түшпөгөнүн билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0