"Ош" базарынын өрттөн кийинки көрүнүшү. Видео

Жазылуу
Базарда өрт чыкканы тууралуу билдирүү 30-январда саат 9:48де келип түшкөн

"Ош" базарынын кире беришиндеги "Сейтек" кичи базары өрттөнүп кетти. Тилсиз жоо менен күрөшүү үчүн 12 өрт өчүрүүчү машина тартылган.

Ош базарындагы өрт - Sputnik Кыргызстан
Келгиче эле 1 млн. сомдук товарым күйүп кетти... Таң эрте соодагерди өксүткөн өрт
Алдын ала эсептөөлөр боюнча өрт 3500 чарчы метр аянтты жалмаган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, өрт саат 12:28де чектелген. Учурда өрт өчүрүүчүлөр күйүп калган имараттын ичин иликтеп жатат.

ӨКМдин маалымат кызматы өрт качан толугу менен өчүрүлгөнү боюнча маалымат тактоо иштери аяктагандан кийин гана берилерин кошумчалады.

Учурда келтирилген чыгымдар эсептелүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0