Адамга окшоп жуунган келемиштин видеосу тарады

Жазылуу
Жаныбар самынданып алып адамга окшоп жышынып жуунган

Арткы эки бутуна туруп алып адамга окшоп жуунуп жаткан келемиштин видеосу социалдык тармактын бүйүрүн кызытып жатканын The Daily Mail басылмасы жазып чыкты. 

Тасма Перудагы Уарас шаарынын тургуну Хосе Корреан тарабынан тартылган. Ал ашканасына кирип келгенде идиш жуучу жерде келемиш адамга окшоп жуунуп жатканын көргөн. Видео жазылманы бир нече күндүн ичинде эле 38 миллион адам көргөн.

"Өмүрүмдө мындай нерсени көргөн эмесмин. Келемиш 30 секундга жакын жуунгандан кийин качып кетти. Менин оюмча жакшылап жышынып алгысы келди окшойт", — деп жазган видеонун автору.

Айрым социалдык тармактын колдонуучулары менен адистер ролик күмөн жаратып жатканын жазышты.

Индонезияда эки буту жок туулган музоо киши сымал басып таң калтырды. Видео - Sputnik Кыргызстан
Индонезияда эки буту жок туулган музоо киши сымал басып таң калтырды. Видео
Хельсин университетинин окумуштуусу Томас Айвело кадимки келемиш мындай кадамга барбайт деген пикирин Gizmodo басылмасына билдирген.

"Кыймыл-аракеттери бир түрдүү болуп жатат. Келемиш бир нерседен кутулгусу келгендей кыймылдоодо. Жаныбарлар самынды жаман көрөт. Негизи келемиштер тазалануу үчүн тиши менен тилин колдонот", — деп адис билдирген.

Ал эми Нью-Йорктогу Фордхем университетинин биологу Жейсон Манши бирөө жарым келемишти атайын самындап, жуунууга үйрөтүп коюшу мүмкүн экенин жазган.

Айрым интернет колдонуучулары келемиштин куйругу жок экенин байкашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0