Ош — Ноокат жолунда кафе күйүп жатат. Видео

Жазылуу
Кырсык болгон жерде үч өрт өчүрүүчү унаа иштеп жатат

Ош — Ноокат унаа жолунун боюнда жайгашкан кафе өрттөнүп жатканын ӨКМ билдирди.

Окуяга күбө болгон күбө Улукбек Урулбаевдин айтымында, өрт башталган мезгилде кафенин ичиндеги адамдардын баары сыртка чыгууга үлгүргөн.

"Музыкалык аппараттан башка буюмду алып чыгууга мүмкүн болгон жок", — деди Урулбаев.

ӨКМдин маалымат кызматы кырсык тууралуу билдирүү саат 17.55те келип түшкөнүн, учурда үч өрт өчүрүүчү унаа иштеп жатканын билдирди.

"Өрт азырынча чектөөгө алына элек", — дешти министрликтен.

Маалымат кызмат өрттөн эч ким жабыркабаганын кошумчалады.

Өрттөн кантип сактануу керектигин Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган инфографикадан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0