Вьетнамда үч кулач болгон кобра жолго жатып алып, тыгын жаратты. Видео

Жазылуу
Вьетнамда жыландын этинен жасалган тамактар кеңири тарагандыктан, интернет колдонуучулар кобра адамдарга жем болду деп болжолдошууда

В китайском цирке тигр и лев напали на лошадь на глазах у зрителей — видео - Sputnik Кыргызстан
Кытай циркинде арстан менен жолборс жылкыга кол салды
Вьетнамдын Фухто провинциясында узуну үч кулачка чукул кобра унаа жолунда тыгын жаратты. Бул тууралуу видео YouTube тармагындагы ViralHog каналына жарыяланды. 

Роликте көрүнүп тургандай, жылан унаалар өтүүчү жолго жатып алгандыктан, машиналар өтө албай, эл ызы-чуу боло түшкөн.

Алгач айдоочулар аны куйругунан кармап жол жээгине алып чыгууга аракеттенишкен. Кийин таяктардын жардамы менен акыры ары көздөй көтөрүп кетишкен.

Вьетнамда жыландын этинен жасалган тамактар кеңири таралгандыктан, интернет колдонуучулар кобра адамдарга жем болду деп болжолдошууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0