Ноокат шаарындагы мечит өрттөнүп кетти. Видео

Жазылуу
Адистер өрттүн келип чыгуу себептерин иликтеп жатат

Ноокат шаарындагы Ош көчөсүндө жайгашкан мечит өрттөнүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат катчысы Авазбек Айтиев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Ал эми өрттүн видеосун WhatsApp каналы аркылуу күбө жиберди. 

Айтиевдин айтымында, кырсык 21-январда түнкү саат 03:30дар чамасында болгон.

"Өрт саат 03:50дө чектөөгө алынды. Аны толук өчүрүү үчүн Ноокат райондук өрткө каршы башкармалыгынын №71 жана №104 бөлүмдөрү иштеп, саат 05:15те толук өчүрүлгөн. Кырсыктын кесепетинен мечиттин 400 чарчы метри күйүп кеткен", — деди Айтиев.

Ал ошондой эле кырсыктын кесепетинен эч ким жабыр тартпагандыгын кошумчалады.

Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз тарткан сүрөт, видеолорду биздин +996 706 566 544 WhatsApp же Telegram номери аркылуу билдирсеңиз болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0