Укмуштуудай кооздук! "Каракол" лыжа базасынын асмандан ажайып көрүнүшү

Жазылуу
Бишкектен 400 чакырым алыстыкта, Ысык-Көлдүн чыгышында тоо лыжа базасы жайгашкан

Совет мезгилинде "Каракол" тоо лыжа базасында СССРдин олимпиадалык курама командасы машыкчу. Азыр бул жайга көптөгөн чет өлкөлүк туристтер айрыкча Россия менен Казакстандын жарандары келип эс алышат. Экстремалдуу спортту сүйгөндөр жаратылыштын ажайып кооздугуна суктануу менен катар кыялын орундатуу үчүн узун жолду басышат.

Горнолыжная база Каракол - Sputnik Кыргызстан
Кар, тоо, карагай, таза аба... "Каракол" лыжа базасынан кереметтүү ирмемдер
Тоого чыгуучу жол (канаттык жол) элди деңиз деңгээлинен 3040 метрлик бийиктикке чейин жеткирет. Үйрөнчүктөр 400 метр, жакшы тепкендер 3 чакырымдык трассадан түшүшөт.

Тоо-лыжа базасынын жетекчиси Валерий Буйковдун айтымында, быйыл аталган аймакка кар аз жаагандыктан сезон ийгиликтүү болгон жок. Мындан улам алар кырдаалды жөнгө салыш үчүн кар себишкен.

Буйков быйыл чет өлкөдөн келген туристтер аз болгону менен кыргызстандык эс алуучулар көп экенин кошумчалады.

Кыргызстандагы бардык тоо лыжалары, шаймандарды ижарага алуу, жол кирелер жана акысы тууралуу кененирээк Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0