Бишкек ТЭЦинин жаңы морун ченеп көрдүк. Кызыктуу 9 факты

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттигинин тартуу тобу коом арасында "ТЭЦтин жаңы мору эскисине караганда 2 эсе кыска экен" деген сөздөр канчалык чындыкка туура келерин билип көрүүгө аракет кылды.

Буга чейин социалдык тармактарда "ТЭЦтин жаңы салынган мору 50 метрди гана түзөрүн, ал эми буга чейинкиси 100 метр экендиги боюнча маалымат тараган. "Ушундан улам шаар кара түтүнгө ууланып жатат" деп жазышкан.

Бирок иш жүзүндө жаңы салынган мор эскисине караганда жарым эсе бийик экенин "Электр станциялары" ААКтын маалымат катчысы Тагжана Айдаралиева билдирип, бул анын жалгыз эле артыкчылыгы эместигин баса белгиледи.

"Ал жакка бардык стандарттарга туура келген жаңы фильтрлер коюлган. Бул жөн эле курулуш эмес, ал беш кабаттуу үйдүн бийиктигине барабар. Анын ичинде түтүн беш деңгээлде тазаланат. Жабдыктар бардык стандарттарга туура келет", — деди ал.

Шаардыктарды жайы-кышы жылуулук жана ысык суу менен камсыздап турган ТЭЦ тууралуу кызыктуу тогуз факты даярдоону эп көрдүк.

Жаңылыктар түрмөгү
0