Жүргүнчү унаанын алдыңкы терезесин башы менен сүзгөн. Бишкектеги кырсыктын видеосу

Жазылуу
Жабырлануучунун айтымында, жол кырсыгына BWM автоунаасын мас абалында айдаган жаш бала күнөөлүү

Здание московского городского суда - Sputnik Кыргызстан
Төрт адамдын өмүрүн алган мас кыз. Чуу жаратып соттон кутулуп кеткендер
Эки машинанын бетме-бет кагышкан учурунун видеосун жол кырсыгына катышкандардын бири Sputnik Кыргызстан агенттигине берди.

Жол кырсыгы 13-январда болжол менен саат 22:50лөр чамасында болгон. 6-кичирайон менен 11-кичирайондун ортосундагы Куттубаев көчөсүндө эки автоунаа кагышкан.

Жол кырсыгына катышкан айдоочунун айтымында, Hyundai Getz Куттубаев көчөсү менен чыгышты карай кетип бараткан. Видеодо көрүнгөдөй ага каршы тилкеде капысынан пайда болгон BMW автоунаасы келип урунган.

"Hyundai Getz автоунаасынын жүргүнчүсү жабыркады. Ал башы менен алдыңкы терезени сүзгөн учур видеого жазылып калган. Менин машинамды да жөөлөп кетишти. Бамперим сынды. BWM автоунаасын мас абалындагы жапжаш бала айдап жүрүптүр. Кызы менен бир жакка бараткан окшойт. Бизден кечирим да сураган жок. Кийин машинаны башка бирөө айдап бараткан дей баштады", — деди жабырлануучу.

Анын айтымында, жол кырсыгынын күнөөкөрү делген жаш бала медициналык текшерүү учурунда пива ичкени далилденген.

Үч машина тең айып короого токтотулду.

Жол кыймылы коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгы кырсык болгонун тастыктады.

Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз тарткан сүрөт, видеолорду биздин +996 706 566 544 WhatsApp же Telegram номери аркылуу билдирсеңиз болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0