00:36 25 Кулжа 2018
Түз эфир
  • USD68.2440
  • EUR79.6305
  • RUB1.0791
Видео

Баткендик уста аял Сайрагүл Жумабаева 20 жылдан бери тигүүчү машина оңдоп келет

Кыскача шилтеме алуу
39010
© Sputnik / Зульфия Тургунова

Устачылык — Сайрагүл Жумабаеванын тубаса таланты. Алгач көргөндөр аял уста деп таң калуу менен карашса, азыр анын жөндөмүнө ишеним арткан кардарлары көбөйө баштаган.

Кызыл-Кыя шаарынын тургуну Сайрагүл Жумабаева 20 жылдан бери тигүүчү машиналарды оңдоп устачылык кылат. Алгач шаардагы цехтерге же кардарлардын үйүнө барып оңдосо, азыр борбордук базардын ичинде чакан устаканасын ачкан. Уста тигүүчү машиналардын бардык түрүн оңдой алат. "Бул талант жараткандан болот экен. Биз мисалы Кызыл-Кыядагы техникумга бир топ ачалы дедик. Бирок окуган адамдын өзүндө шык болбосо, улантып кете албайт экен" деди уста Жумабаева.

Колу эптүү бул аял күнүнө 5-6 тигүүчү машинаны оңдоого жетишет. 15 жыл аралыгында 6 шакирт тарбиялаган. Учурда колундагы эки шакирти буюртмалар менен кардарлардын үйлөрүнө барып оңдоп келишет.

"Шакирттеримдин бирөөсү Москвада, бирөөсү Бишкекте устаканаларын ачып иштеп жатышат. Алар менен байланышым жакшы, керек болгондо мага тигүүчү машиналардын тетиктерин жиберип турушат" — деди Жумабаева.

Каарманыбыздын биринчи кесиби сүрөтчү экен. Алгач мектепте мугалим болуп иштеген. Бирок ишине алымсынбай, устачылык өнөргө ооптур. Бир убакта устачылыкты да таштагынын да айтып берди. Кардарлары суранып, өтүнүп жатышып бул тармакка кайра кайтып келүүгө аргасыз кылышыптыр.

Баткендеги бул уста аял учурда 50 жашта. Бир кыз жана эки уулунун мээримдүү энеси, жолдошунун жароокер жубайы.

Тема боюнча

Уста Шамшиевдин Индияга кеткен Өзгөн мунарасынын макети, АКШны аралаган кеселери
Белгилер:
тигүүчү, аял, уста, Баткен
Колдонуу эрежелериПикирлер

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ