Жалал-Абадда сууга түшүп кеткен торпокту улакчы жигит музду жарып алып чыкты. Видео

Жазылуу
Окуя 11-январь күнү Ноокен районунун Ак-Бата айылында болгон

Жылкы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Улакчынын торпокту суудан алып чыккан окуясы Бишкектин четинде болгону такталды
Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Ак-Бата айылынын тургуну той өткөрүп улак тартыш өткөргөн. Анда улакчылар оюндун кызыгына батып, тоңгон муздун үстүнө чейин чыгып кетишкен. Муз кокусунан жарылып, чабандестер тартып жаткан торпок сууга түшүп кеткен. Бул тууралуу окуянын күбөлөрү Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Улакчылардын арасынан аба ырайынын сууктугуна байланыштуу суу ичинен торпокту алып чыгууга эч ким батына алган эмес. Куштарбек аттуу жергиликтүү улакчы сырткы кийимин чечип, торпокту суу алдынан таап алып чыккан. Улак чабышты өткөрүп жаткан той ээси анын эрдигин баалап, кой белек кылганы белгилүү болду.

Улакка түшкөндөрдүн арасынан олуттуу жаракат алгандар болгон эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0