Памирлик кыргыз Фазылхак: сурап алар өлкөбүз бар, эми пас болбойбуз. Видеомаек

Жазылуу
Нарындан келип, биздин редакцияга кире кеткен 18-23 курагындагы памирлик жаштар менен маектештик. Алар ачылып сүйлөп, өздөрүнүн буга чейинки жашоосу, кыялы тууралуу айтып берип, Кыргызстанга келе жаткандагы толкунданган сезимдерин эстешти. Маегибиз андан сырткары кыздар, сүйүү, калың темасына кантип өңүт алып кеткенин байкабай калдык.

Алардын бирден-бир максаты — шамал ойногон алыскы Памирде калган кандаштарын алып келүү, эгер андай болбосо, кайра кайтып баруу. Жөн барбай, билим, кесип менен барып, дарыгер болуп ден соолугун карап, мугалим болуп кат-сабатын жоюу.

Памирские кыргызы в студии ИА Sputnik Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
Памир кыргыздарынын тилеги, сүйүүсү жана калыңы. Боордоштордун ыймандай сыры
"Памырда дохтурдун жоктугунан жаңы төрөгөн аялдар менен балдардын көбү өтүп кетет. Памырдагы эл-журтубуз, кедейи да, байы да ушул жерге келип жашаса, Кыргызстанда калсак дейбиз да. А эгерде ондогулар келе албай калып калса, биздин мында жашаганыбыз болбойт… кайра барып элге жардам кылып, дохтур болуп дарыласак, мугалим болуп бизден кичүүлөрдү окутуп, билим алдырсак жакшы болот", — дешет боордоштор.

Калың, сүйүү туурасында кебибиз уланды. Калың Памирлик кыргыздар үчүн бул абдан маанилүү экендигин айтып беришти.

"Памырда оокаттуу кишилер малды арбын берип, үйлөнөт. Малсыздар кайчы куда болушат. Мен деле үйлөнгөндө кайчы куда түштүк. Бул Памырда көп кездешет. Бул жердегидей сүйгөн деген жок да аякта (күлдү). Кыздар ата-энеси каалап берген адамга тиет", — деди Фазылхак Абубакир уулу.

2018-жылдын 13-январында Памир кыргыздарынын Нарын облусуна көчүрүлүп келгенине үч айдын жүзү болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0