Балдар кышкы каникулда эмне менен алек? Рейддин видеосу

Жазылуу
Райондук ички иштер башкармалыгынын Өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы Бишкектин Октябрь райондук социалдык коргоо бөлүмү менен бирге рейд жүргүзүп, анын алкагында базарда иштеген өспүрүмдөр аныкталган.

Рейд по профилактике детской преступности в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Балыкчыда түндө чоңдордун көзөмөлүсүз коомдук жайда жүргөн балдар аныкталууда
"Орто-Сай" базарынан бир сааттын ичинде соода-сатык кылган 6 өспүрүм табылган. Ата-энелеринин айтымына караганда, балдар үйдө отурганда эригип базарга ээрчип алып жатышат. Өспүрүмдөрдүн арасынан эң кичүүсү 12 жашта болгон. Аны ата-энеси үйгө жөнөтүүгө сөз беришти.

Ошондой эле өспүрүмдөрдүн бири Талас облусунан Бишкекке байкесине соода кылуу үчүн жардам берүү максатында келген. Соцкызматкерлердин эскертүүсүнө агасынын ачуусу келип "мындай заманда бизге ким оокат берет?" деп суроо салды.

Бардык алты факты боюнча акт түзүлдү. Эми социалдык кызматтын өкүлдөрү мындан ары дагы ата-энелер арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү улантышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0