Нью-Йоркто бийлеген кыргыз кыздар суктантканда. Видео

Жазылуу
Жаш режиссер Америкада бийлеген үч кыргыз кызынын чыгармачылыгы тууралуу кыска метраждуу тасма тартты

Нью-Йоркто кыргыз улуттук бийин аткарган топ пайда болду.

Бул тууралуу "Кыргыздар Америкада | Даткайым бий тобу" аттуу кыска метраждуу даректүү тасмадан кийин белгилүү болду. Роликти тасманын автору Эламан Асылбеков YouTube баракчасына жүктөгөн.

"Нью-Йоркто түптөлгөн "Даткайым" бий тобундагы үч кыргызстандык кыздын көз караштары, кызыгуулары ар башка. Алар чет өлкөдө жүрүшсө да кыргыздын салтын, үрп-адатын сактоого күч жумшап келишет. Биздин сулууларга ийгилик каалап өтөлү!" — деп тасманын алдына жазылган.

Ырчы Толгонай Арзыкеева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Алар уйкудан туруп эле "жылдыз" болушкан. Соцтармакты дүң кылган 10 адам
Топту түзгөн Айгерим Аскарова, Алиязат Тургунбек, Айдай Чуштуковалар Кыргызстанда университетти аяктагандан кийин Америкага кетишкен. Кыздар тасмада көптөн бери Кыргызстандын атынан дүйнөгө чыккан бий тобун түзүүнү пландап жүрүшкөнүн айтышкан.

"Даткайым" тобу алгачкы ирет эл алдына Волл стритте өткөн Нооруз майрамында чыккан. Эми алар БУУ алдында өтүп келген Кыргызстандан бала багып алган америкалык үй-бүлөлөрдү чогулткан кечелерде өнөрлөрүн тартуулап келишет.

Бийчилер ал жакка жыл сайын барып, улуттук тамак-аштарды жасоо менен балдарга кара жорго бийин үйрөтүшөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0