Памирлик келиндин макияжга чейин жана андан кийин тартылган видеосу

Жазылуу
Афганистандагы Кичи Памирден үй-бүлөсү менен көчүп келген Ширинбү Абдувахит кызы учурда үй-бүлөсү менен Нарын шаарында жашап жатат. Sputnik Кыргызстан Ширинбүнү окурмандарга башка өңүттө көрсөтүүгө аракет кылып, заманга бап келген көйнөк кийгизип, жүзүнө макияж койду.

Биз менен болгон маегинде каарманыбыз буга чейин косметика колдонбогондугун айтты.

Модель Айсулуу Молдалиева и актриса Мээрим Атантаева - Sputnik Кыргызстан
Нукура жүз: кыргызга таанымал кыз-келиндердин боёксуз жүзү сүрөттө
Ага биздин стилисттер Кыргызстанда адатта келиндер жоолугун артка бир байлам кылып, бууп алган ыкманы сунуштады. Ошентип, Ширинбү жер чийген көйнөк жана шиш така кийип, апакай жоолук салынды. Буга чейин бир да жолу узун такалуу туфли кийбегендигин айтты.

Ширинбү Абдувахит кызы учурда 18 жашта. Турмушка чыкканына үч ай болду. Күйөөсү Фазылхак Абубакир уулу экөө тең Кичи Памирде туулуп өскөн. Жаш келин үй-бүлөсү, кайындары, атасы менен кошо келген. Учурда Нарын шаарындагы лицейге барып, тамга таанып жаткан кези.

Жаңылыктар түрмөгү
0