Тыйын албайбыз, "нормальный" акча бергиле! Бишкектин кафе, дүкөндөрүндөгү эксперимент

Жазылуу
Sputnik кабарчысы борбор калаадагы жагымсыз окуяга күбө болду. Карыя эне Бишкектеги ири дүкөндөрдүн биринде азык-түлүк үчүн төлөй алган жок. Кассир мыйзамга карабастан, 50 тыйындарды кабыл албай койду. Мындан улам биз борбор калаадагы жайлар тыйын кабыл алар-албасына байкоо салдык.

Sputnik Кыргызстан кабарчысы Жасмин Малашева шаардагы ири дүкөндөр эмненин негизинде майда тыйындарды кабыл алуудан баш тартышкандарын териштирүү үчүн жаңжалдашуудан да артка кайткан жок.

"Нормальный" акча бербесеңиз, сиздин ордуңузга биз төлөөгө мажбурбуз!

Кагаз акчаны 10 жана 50 тыйындыктарга алмаштыргандан кийин оор мүшөктү артынып алып, Globus жана "Фрунзе" ири дүкөндөргө жөнөдүк. Чүй 41 Б (ТЭЦ) дарегинде жайгашкан Globus дүкөнүнүн кассири товар үчүн биздин тыйындарды алуудан таптакыр баш тартты. Шылтоосу – мындай эсептешүүгө бухгалтерия бөлүмү жол бербейт. Ошондой эле кассир эгер тыйындарды кабыл алса, бухгалтер тыйындарды өзүнө карматып, ошол сумманы "нормалдуу" кагаз акчаны өз чөнтөгүнөн төлөөнү талап кыларын кошумчалады.

Автомобильный затор в день черной пятницы в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бишкек канткенде унаа тыгынынан арылат. Окумуштуулардан 5 ыкма
Аталган ири дүкөндүн администраторун чакырттык, ал да муну тастыктады. Калыстык үчүн белгилей кетели, Лев Толстой көчөсүндөгү ушул эле аталыштагы дүкөндө кассир кыз тандаган товарларыбызды берип, 50 тыйындыктарды гана алды. 10 тыйындыктарды кайтарып, жетпей калган сумма үчүн дүкөн чыгым тартты. Мында да баш тартуунун себеби – ошол эле бухгалтерия бөлүмү.

Globus ири дүкөндөр түйүнүнүн маркетинг боюнча директору Ксения Кочергинанын айтымында, сатып алуучулар тыйын менен эсептеше алышат. Ал мындай жагдайда кассир айыптуу экендигин белгилейт.

"Аталган номиналдагы тыйындарды кабыл албоо адамга гана байланыштуу жагдай. Кассир сатып алуучуга туура эмес маалымат берген. Жумушчуларга бул багытта түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз" — деп убада кылды ал.

Кызыгы — Globus ири соода жайлары жана "Народный" дүкөндөр түйүнү "Народный" ЖЧКга таандык, бирок түшүнүксүз себептерден улам дүкөндөрдө тартип ар бөлөк. "Народный" дүкөндөр түйүнүнүн кызматкери жанындагы кассирдин кубаттоосунан кийин гана тыйындарды алды.

Чүй 2/9 жана Горький 1/2 даректериндеги "Фрунзе" ири дүкөндөрүндө да ушундай эле кырдаал кайталанды. Эки дүкөндө тең Sputnik Кыргызстандын кызматкеринен элүү тыйындыктарды гана кабыл алып, жетекчиликке шылтай 10 тыйындыктарды кайтарышты. Кыязы, аларда да бухгалтерия бөлүмүнүн жетекчиси тыйындап эсептешүүгө тыюу салат өңдөнөт.

Соцэксперимент: бай-кедей — өтүп бара жаткандар кимисине көбүрөөк жардам беришти - Sputnik Кыргызстан
Соцэксперимент: "бай-кедей" — өтүп бара жаткандар кимисине көбүрөөк жардам беришти
Кассирлерге бирдей эле жаза: өз маяналарынан кагаз акча тапшырууга милдеттендиришет. "Партнер Кей Джи" ЖАКтын башкы директору Бактыбек Аматов да мындай кырдаалда кайра эле кассирлер күнөөлүү экендигин айтат.

"Чындап эле биздин кассирлер 10 тыйындыктарды кабыл албаптыр. Мындай катачылыкты кассирлердин ишке жаңы алынганы менен түшүндүрөр элек. "Фрунзе" ири дүкөнүнүн бардык жумушчуларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Жаңылыштык кетирген кассирлер мындай жагдайдын кайрадан кайталабашы үчүн административдик тартипте жазаланат", — деп белгиледи ал.

Ошондой эле Аматов "Фрунзеде" Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан бекитилген бардык банкнот жана тыйындардын кабыл алынарына ишендирип өттү.

Суук тийгендин дарысын кантип белекке алууга болот?

Эгер түн бир оокумда тиш оору кыйнаса, капчыгыңызда болгону майда тыйындар шыңгыраса, оору басаңдаткычтын ордуна дарыканачы менен түнкү кыжыңдашмайга даяр болуңуз. Бул ирет 10, 50 тыйындыктар жана 1, 3, 5, 10 сомдуктар колубузда. Кышкысын дарыканада эң көп сатылганы суук тийгендин дарысы эмеспи, ага жөнөдүк. Борбор калаадагы биринчи дарыкананын фармацевти бизге дарыны сомдорго гана сатты. Жетпей калганын өз чөнтөгүнөн кошууну сунуштады. Экинчи дарыканага бет алдык. Териштирип отургусу келишпедиби, айтор, ал жактан бизге дарыны белекке эле берип коюшту.

"Тыйындарды кабыл ала албайм. Жакын жердеги бир банктан алмаштырганыңыз оң. Же бул ишти сиз үчүн мен аткарайынбы? Же келгиле, дарыны тек гана белек кылайынчы сизге", — деди дарыканачы айым.

Ошентип белек кылды. Фармацевт Татьяна бул укмуш берешендигин жадаткан сатып алуучуларга убакыт короткусу келбегендиги менен түшүндүрөт. Айтымында, Бишкекте бир дагы жерде тыйын менен эсептеше албайбыз – бул эски заманда калыптыр.

10 тыйынга манту

Ушундай эле экспериментти жасоо үчүн "Фаиза" кафесине бардык. Баштыгыбызда түштөнүүгө жете турган — 700 сом гана бар эле. Официант эсепти алып келгенде үстөл үстүндө арасында бир гана жүз сомдук кагаз жашынган тыйындарды көрө оор үшкүрүндү. Ал акчаны алып кеткен, бирок көп өтпөй администратордун жардамчысы аларды кайра бизге кайтарды.

"Биз тыйындарды кабыл ала албайбыз, жетекчилик тыюу салат", — деп билдирди кафенин кызматкери.

Кайырчынын акчасын уурдап кетти — социалдык эксперимент - Sputnik Кыргызстан
Кайырчынын акчасын уурдап кетти — социалдык эксперимент
Sputnik кызматкеринин тыйындар улуттук валюта болуп саналарын айтканына тек гана ийнин куушурду да, бирок көшөрүп тура берди. Териштирүүгө 15 мүнөт короттук. Акыры баары бир акчаны кабыл алышпады. Биз "нормалдуу" акча менен эсептешүүгө аргасыз болдук.

Администратор Роза Калыкова менен байланыштык. Ал кыз "Фаиза" кафесинин атынан кечирим сурап, кыргызстандыктар ал жайда бардык төлөм каражаттары менен эсептеше алышарына ишендирди.

"Сиздердин столду тейлеген официант КР Улуттук банкы тарабынан бекитилген бардык сандагы акча бирдиктери кабыл алынарынан кабары жок экен", — деди ал.

Кайрадан өкүнүчтүү жаңылыштык!

Жакшы кабар!

Көзү азиз адамдын акчасын туура майдалап беришеби? Бишкектеги соцэксперимент - Sputnik Кыргызстан
Көзү азиз адамдын акчасын туура майдалап беришеби? Бишкектеги соцэксперимент
Маршрутка, автобус, троллейбус, такси айдоочулары тыйын кабыл алышат. Көпчүлүк учурда айдоочулар үйүлгөн тыйындарды көрүп таңгала кайдан алгандыгыбызды сурап жатышты.

Мындан тышкары, киного билет алуу үчүн сиз деле биздей болуп бардык акча каражаты, анын ичинен 10 жана 50 тыйындыктар менен да эсептеше аласыз. Бирок кинотеатрдын администратору келип, бир топ ызы-чуу түшкөндөн кийин гана. Өз кезегинде белгилей кетели, "Sierra" кофекана түйүндөрүнүн кассири кофебиз үчүн биздин төлөмдү эч буйдалбастан кабыл алды.

Мыйзам бузгандарга салынчу айыптын эң көбү — 3 миң сомдун тегерегинде

Мыйзамга ылайык, тыйын кабыл алуудан баш тарткан сатуучулар айып төлөөгө тийиш. Улуттук банктын кызматкерлери Административдик кодекстин 326-беренесин эске салышты.

"Кыргыз Республикасынын улуттук валютасын төлөм катары кабыл алуудан негизсиз баш тартууга бештен отузга чейинки эсептик көрсөткүч көлөмүндө административдик жаза каралган, мындай мыйзам бузууга Улуттук банк административдик айып салууга укугу бар", — деп белгиленет Улуттук банктан келген катта.

Мындай жагдайга туш болгон жарандар башкы банкка кайрыла алышат.

Бул макала Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына расмий кайрылуубуз болуп саналат. Мыйзам бузган жайларга карата чара көрүүңүздөрдү өтүнөбүз.

Жаңылыктар түрмөгү
0