Америкалыктар Space X ракетасын НЛО деп кабылдап, 911 кызматына чалышкан

Жазылуу
Калифорния штатынын тургундары Space X ракетасын НЛО катары көрүшкөн.

The Daily Mail басылмасынын жазышынча тургундар жергиликтүү телеканалдарга да чалышкан.

Ал эми социалдык тармактын колдонуучулары асмандан көрүнгөн обүектинин эмне болушу мүмкүн экенин айтып, өз божомолдорун жазышкан. Көбү бул башка планетадан келгендер экенин белгилесе, айрымдары Санта-Клаус учуп келди деп тамашалашкан.

Falcon 9 ракетасы учурулганы белгилүү болгондон кийин ойлоп табуучу, Space X компаниясынын башкы директору Илон Маск "НЛО келди" деп тамашалаган. Ал эми өзүнүн Twitter баракчасына "Түндүк Кореядан учкан атомдук белгисиз учуучу аппарат" деп жазган.

Ракета ишемби күнү Ванденберг космодромунан учурулганы белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0