20:44 07 Бештин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7971
  • EUR95.6130
  • RUB1.1437

Турнир бүгүн Кореянын борбору Сеул шаарында өттү

Кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиевдин эл аралык Road FC турниринде ат салышкан видеосу интернетке жарыяланды

Турнирдеги беттешке Физиев монголиялык атаандашы Нандин Ерден менен чыгып, аны биринчи раундунда ай-буга келтирбей утуп алды.

Видеодо Физиевдин алгач атаандащынын талылуу жерин издеп күчүн көп сарптабай жатканын көрүүгө болот. Андан кийин ыңгайлуу учур келе калганда, кулакка тээп, атаандашы өбөктөй түшкөндө муштум менен оңбогондой соку жасаган. Тагыраагы, биринчи раунддун 58-секундасында техникалык нокаут менен жеңип алды.

Ушул жылдын февраль айында кыргызстандык спортчунун кармаш учурунда "Матрица" тасмасындагы Нео сымал соккудан боюн ала качкан ролиги социалдык тармакта аябай популярдуу болгон.

Спортто "Атаман" каймана аты менен таанымал кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев 11 жашынан тарта тай боксу секциясына келип, машыктыруучу Эмил Токтогоновдун колунан тарбиялана баштаган. Кийинчерээк КРдин Тай боксу федерациясына которулган. Тай боксунун IFMA версиясы боюнча Кыргызстандын жана Азиянын бир нече жолку чемпиону.

Дүйнөдөгү бардык спортчулардын рейтингин аныктаган Sherdog порталынын маалыматына таянсак. ММA боюнча профессионалдуу 5 беттештин жеңүүчүсү.

Тема боюнча

Кореядагы турнирде Рафаэль Физиев атаандашын нокаут менен дароо жеңди
Дубайдагы турнирде Антонина Шевченко утса, Самат Эмилбеков жеңилип калды
Белгилер:
Корея, Кыргызстан, Рафаэль Физиев, спорт, турнир, ММА

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ