Кинодогудай! Россияда көз менен башкарылган дрон сыналды

Жазылуу
Россиянын Воронеж шаарында атайын даярдыктагы аскерлер үчүн көз менен башкарылган дронду сыноодон өткөрүштү.

Бул дрондун ажырагыс бир бөлүгү — шлем. Дрон тартып жаткан видео онлайн режимде шлемдин экранына чыгат.

Дрон тууралуу оюу менен атайын даярдыктагы аскер Андрей бөлүштү.

"Кавказдагы жана шаар жергесиндеги ар кандай кырдаалдарда аскерлерге бул дрон бир топ жардам берчүдөй. Анткени жоокердин колу дайыма бош эмес, курал кармап жүрөт. Ал муну көзү менен башкарып, айланадагы нерсенин баарын көзөмөлдөй алат", — деди Андрей.

Анын айтымында, дронду башкаруу анча татаал эмес. Болгону көнүш керек, бирок ал деле көп убакыт албайт.

Дагы бир ыңгайлуулугу — дрондун капталындагы камераны дагы пайданалып, тегерек-четти толугу менен карап чыкса болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0