Жаңы рекорд! Кытайда эң узун кесме даярдалды. Видео

Жазылуу
Узундугу 3,084 метрлик кесмени тамак-аш компаниясы үзбөй жасаган

Кытайда 3000 метрден ашык дүйнө жүзүндөгү эң узун кесме даярдалып Гиннес китебине киргизилди. Бул тууралуу Sputnik Азербайжан маалымат агенттиги жазып чыкты.

Болжол менен биздин заманга чейинки 6000-5800-жылдарга таандык делген вино идиши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Грузиянын виносу Гиннес китебине киргизилди
Маалыматка ылайык, узундугу 3,084 метрлик кесмени тамак-аш компаниясы үзбөй жасаган.

Буга чейин кытайлыктар ушул тармакта башка дагы рекорддорду жасаган. Алсак, мастер Ли Тао бир килограмм ундан 2 миллион 97 миң 152 ичке кесме жасап Гиннес китебине жазылган. Эгер аларды бир катарга тизе турган болсо 2852 чакырымга чейин жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0