Атам мага ишенген эмес! Галкинди таң калтырган Албанали төгүлүп-чачылып маек берди

Жазылуу
Максим Галкиндин "Лучше всех" шоусуна катышып келген Албанали Алим уулу Sputnik Кыргызстан агенттигинин коногу болду. Таланттуу жеткинчек Галкин менен болгон кызыктуу окуяларды жана жаныбарлар дүйнөсүнө кантип аралашып калганы туурасында айтып берди.

Жети жаштагы Албанали Каракол шаарында 2-класста окуйт. Үй-бүлөдө беш бир туугандын кичүүсү. Атасы Алим Малдыбековдун айтымында, уулунун эч нерседен тартынбаган ачык-айрым мүнөзү ийгиликтерге жетүүгө өбөлгө болгон. Ошондой эле мультфильмдерден таасирленип айбанаттарга кызыга баштаган.

"Мен эки жашымдан баштап "Вспыш и чудо машинки", "Фиксики" сыяктуу мультфильмдерди көрүп жүрдүм. Төрт жашка чыкканымда мага жаныбарлар туурасында китеп сатып беришкен. Ошондон кийин кызыгуум күч алды. Башында көргөндөрүмдү апама айтып берээр элем. Ал эми атам анча ишене бербеди. Азыр болсо толугу менен ишенип калды", — деди Алим уулу.

Ата сыймыгы! Кыргыз эли кубок кучактап келген жаш хоккейчилерди кантип тосуп алды - Sputnik Кыргызстан
Ата сыймыгы! Кыргыз эли кубок кучактап келген жаш хоккейчилерди кантип тосуп алды
Албанали айбанаттардан сырткары, космос, жер планетасы, күн жели жана баатырлар туурасында үйрөнүүгө далалаттанып жүрөт. Ал эми келечекте зоолог болууну кыялданат.

"Эфирге тартылып жатканда күлкүлүү сүйлөп, күлкүлүү кыймылдарды жаса дешти. Негизи эле мен жашоодо шайыр баламын. Болгондо да шайырлардын "бомбасымын". Анан анаконда тууралуу айтып жатканымда Галкин аябай коркуп кетти. Ал үчүн абдан коркунучтуу болду окшойт. Баса, ал жактан да Андрей деген бала менен достошуп кайттым", — деди өнөр ээси.

Кыргызстандык жеткинчек тартылган эфир "Биринчи каналдан" 10 декабрда көрсөтүлгөн. Анда ал Галкинге ак калпак кийгизип, жаныбарлар туурасында кызыктуу фактыларды айтып берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0